Биз социалдык тармакта

Бишкекте дагы бир жаш жубайлар дарак отургузушту

Бишкекте жаңы үйлөнгөн жаш түгөйлөр бак отургузушту. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, аталган иш "Жаш жубайлардын бак отургузуусу" аттуу экологиялык жана социалдык долбоордун алкагында ишке ашты. Жубайлар "Адинай" паркына салтты улантып, ясень көчөтүн отургузушкан.
Бул иш-чарага калаа мэри Айбек Жунушалиев катышып, жаш жубайларга үй-бүлөлүк бакыт, ынтымак, бакубат жашоо жана узак өмүр каалаган.
Айта кетсек, жубайлар долбоордун алкагында бак отургузган экинчи түгөйлөр болуп саналат. Буга чейин алгачкы катышуучулар көчөт отургузушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан