Баткен шаарында 3 кабаттуу коммерциялык объекттин курулушунда мыйзам талаптарынын бузулгандыгы аныкталды.
Курулуш министрлигинен маалымдашкандай, курулуш иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок башталган жана Бирдиктүү мамлекеттик курулуштар реестрине катталбастан курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлгөн.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча И.С. аттуу жаранга протокол түзүлүп, 10 миң сом айып пул салынды. Аныкталган мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.