Чолпон-Ата шаарында милиция кызматкери көлгө чөгүп жаткан өспүрүмдү куткарып калды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 13-июлда кечке маал болгон. Өспүрүм көлгө атасы менен бирге түшүп жаткан учурда катуу шамал болуп, аны толкун көлдүн терең жерине тартып кеткен. Анын апасы дароо жакын жерде жайгашкан милициянын таяныч пунктуна кайрылган.
Милициянын сержанты Абакиров Бауржан көлдөн өспүрүмдү аман-эсен жээкке алып чыккан. Балага жеринде биринчи жардам көрсөтүлгөн.