Маалым болгондой, “Үч-Котон” жергилигинде инженердик жабдуу иштерин аткарып жаткан сержант С.у.Э. менен ефрейтор С.Т.нын ортосунда жаңжал чыккан. Натыйжада С.Т.нын жаагынын сол тарабы сынган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 388-беренеси (Ден соолукка олуттуу залал келтирүү менен бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда сержант убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары улантылууда. Мындан тышкары, чек арага тосмолорду орнотуу боюнча мыйзам талаптарын одоно бузуу фактысы менен өзүнчө кылмыш иши козголгон.