Жалал-Абаддын Ноокен районуна
селден улам III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабаралады.
Айта кетсек, сел район аймагындагы 466 короону каптап, 76 турак үйгө, 3 жер төлөгө, бала бакчага жана мечитке суу кирген. Мындан тышкары, 4 коомдук тамактануу жай, 5 автосервис жана 2 унаа жуучу жайга да зыян келтирилген.