Кечээ, 13-июлда Бишкектеги Ынтымак Ордодо министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен камсыздоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Өкөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, отурумда учурдагы абал, мунай заттарын жеткирүү жана зарыл болгон запастарды түзүү маселелери каралган.
Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана уюмдарга өлкөгө мунай заттарын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоо, абалдын мониторингин күчөтүү жана зарыл чараларды өз убагында көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилген.