Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштеринин алкагында алгачкы чек ара мамычаларын орнотуу башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Маалымдалгандай, иштер Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерден башталган.
Белгилей кетсек, Кыргыз менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1008,14 чакырымды, ал эми нейтралдуу макамга ээ жер тилкелеринин жалпы периметри 14,07 чакырымды түзөт.