Биз социалдык тармакта

Муфтият аймактарда кайрымдуулук жана агартуу иштерин өткөрдү

Бүгүн, 14-июлда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкөнүн бир катар аймактарында кайрымдуулук, агартуу жана социалдык иш-чараларды уюштурганын билдирди.

Манас шаарында имамдар ооруканадагы бейтаптардан кабар алып, алардын сакайып кетишин тилеп дуба кылышты. Ош шаарында 360 жетим, жарым жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы кийим таратылды. Ал эми Таластын Манас районунда муктаж үй-бүлөлөргө 125 миң сомдук азык-түлүк жардам көрсөтүлдү.

Чүй облусунда «Инкар-Якын» агымынын таасиринен баш тарткан жарандар үчүн салттуу ислам боюнча сабактар өтүлүп жатат. Ноокатта 600дөн ашуун аял катышкан жыйында үй-бүлөлүк баалуулуктар жана зордук-зомбулуктун алдын алуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, Караколдогу жаңы мечит менен медресенин курулушу текшерилип, Жалал-Абад облусундагы эт иштетүүчү жайларда халал талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан