Социалдык тармактарда Кочкордогу базарда соодагерлердин мушташкан видеосу тарады. Анда дарбыз сатып жаткан жаранды соодагерлер сабашкан.
Аталган окуя боюнча Ички иштер министрлиги жаңжалдашкан тараптарды аймактагы бөлүмгө жеткирип, окуянын жагдайлары такталып жатканын маалымдады.