Бүгүн, 14-июлда кыска мөөнөттүү нөшөрлүү жамгырдан улам Ала-Буга айыл аймагынын Коңорчок айылындагы Коңорчок сайы аркылуу сел суулары өткөн.
ӨКМнын Нарын штабынын маалыматы боюнча, сел суулары сайдын нугу менен коопсуз агып өтүп, турак үйлөрдү жана ички көчөлөрдү каптаган эмес.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралардын алкагында Коңорчок сайынын нугун тазалоо жана жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.