Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүндө суу түтүгү жарылып, жолдун ортосунан суу фонтан болуп атып чыкты.
Окуянын видеолору социалдык тармактарда кеңири тарады. Анда суу атып чыгып, жерге жайылып жатканын көрүүгө болот.
Учурда авариянын себептери такталып, тиешелүү кызматтар оңдоо иштерин жүргүзүүдө.