Бүгүн, 15-июлда Европадагы рекорддук ысыктын негизги себеби Сахара чөлү менен Ирандын тоолуу аймагынан келген күчтүү субтропикалык антициклондор экени айтылды. Бул тууралуу европалык басылмалар жазып чыгышты.
Адистердин айтымында, мурда Батыш Европада океандан келген антициклондор үстөмдүк кылса, азыр чөлдөрдөн келген ысык аба массалары көбүрөөк таасир этүүдө. Алар жер бетине түшкөндө дагы ысып, абанын температурасын кескин жогорулатат.
Июнь айынын ортосунан бери Европанын бир катар өлкөлөрүндө абанын температурасы +40 градуска чейин жетип, айрым жерлерде андан да ашкан. Франция, Улуу Британия, Нидерланд жана Италияда аба ырайына байланыштуу эң жогорку - кызыл деңгээлдеги кооптуулук режими киргизилген.