Бишкек шаарында жайгашкан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун чуркоо жолу дүйнөлүк стандартка ылайык 9 тилке болуп жасалды.
Курулуш министрилигинен билдиришкендей, бул долбоор Кыргызстанда биринчи жолу колдонулуп жаткан Швейцариянын CONICA брендинин технологиясы менен жасалган.
Белгиленгендей, эми аталган стадион Дүйнөлүк жеңил атлетика (World Athletics) ассоциациясынын сертификатына ээ болот.