Биз социалдык тармакта

Өлкө аймагында түндө жер титиреди

Өлкө аймагында 15-июлда саат 00:37 чамасында 3,5 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун расмий сайтына жарыяланды.

Жер силкинүүнүн очогу Ош шаарынан 54 чакырым түштүк-батышта, Кызыл-Кыя шаарынан 15 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.

Жер титирөө Хауз айылында 3,5 балл, Кожо-Арык, Найман, Көк-Жар жана Муркут айылдарында 3 балл, Кызыл-Кыя шаарында жана Керкидан, Он-Эки-Бел айылдарында 3 баллга жакын, Марказ жана Борбаш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан