Биз социалдык тармакта

Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолу селден кийин тазаланып, каттам ачылды

Бишкек-Жалал-Абад жолу унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 361-367-чакырымына 14-июлдун кечинде 3 жерден сел жүрүп, жолдун бир тарабы убактылуу жабылган. Жеринде министрликтин №31 Жол тейлөө мекемеси тазалоо иштерин ыкчам жүргүздү.

"Жолчулар таңкы саат 04:00гө чейин атайын техникалардын жардамы менен сел жүргөн тилкелерди толугу менен тазалап, жолду коопсуз пайдаланууга даярдашты. 06:00дө каттам үчүн эки тараптуу кыймыл толугу менен ачылды. Учурда жолдун жээгинде калган сел калдыктарын тазалоо жана жолдун туурасын кеңейтүү иштери улантылып жатат. Кырдаал тиешелүү жол кызматкерлердин көзөмөлүндө",- деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан