
Бишкек шаарынын мэри
Айбек Жунушалиев "Орто-Алыш" суу топтомосундагы суу менен камсыздоону жакшыртуу иштеринин жүрүшүн текшерди.
Учурда суу топтомонун аймагында 12 толуктоочу көл иштеп жатат. Быйылкы жылы "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын өздүк каражатынын эсебинен он экинчи толуктоочу көл курулду. Аны бир айдын ичинде пайдаланууга берүү пландалууда.
"Орто-Алыш" суу топтомосу Бишкек шаарынын жашоочуларынын 40 пайыздан ашыгын ичүүчү суу менен камсыз кылат, ошондуктан анын туруктуу иштеши стратегиялык мааниге ээ. "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө бардык сиңдирип алуучу көлдөр суу менен толук толтурулган, суу ресурстарынын тартыштыгы байкалган жок.
"Алдыда абанын температурасынын жогорулашы күтүлүүдө. Биз шаардыктарды суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылышыбыз керек. Көрүлүп жаткан чаралар буга чейин эле оң натыйжаларын берип келген, бирок шаардын сууга болгон муктаждыгы жыл сайын өсүүдө",- деди Жунушалиев.