Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан аталган аймактагы медициналык колледждин жетекчилигине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 30-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук колледжинде иштегендерге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык документтерди өзгөртүү” беренелери менен айып тагылууда.
Алар 2011-жылдан 2013-жылга чейин жетекчиликте иштегендердин ставкасын мыйзамсыз көтөрүп, жалпысынан кошумча 907 357 сомго ээлик кылышкан. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.