Ысык-Көл облустук милициясы чет өлкөлүк жарандардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу 15-июлда аталган органдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, иш-чаралар негизинен Ак-Суу районунда уюштурулуп, кызматкерлер жумушчу визасы менен иштеп жаткан ар бир жаранга өлкө мыйзамдарын так сактоо, коомдук тартипти камсыздоо жана миграциялык талаптарды аткаруу боюнча белгиленген эрежелерди түшүндүрүүдө.
Ошондой эле Ысык-Көлдүн өзгөчө экологиялык аймак экендиги эске алынып, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу, жаратылышты коргоо жана экологиялык коопсуздук талаптарын сактоо боюнча эскертүүлөр берилүүдө.