Заманбап санариптик кызматтар күнүмдүк жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Бүгүнкү күндө смартфон аркылуу сатып алууларды төлөп, акча которуп, документтерди тариздеп жана мамлекеттик кызматтарды колдонуп жатабыз.
Эми улуттук лотереяга катышуу үчүн кагаз билет сатылган жерди издөөнүн зарылдыгы жок. Болгону смартфон жана бир нече мүнөт убакыт жетиштүү.
Дал ушул максатта Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик лотереялык компаниясынын" заманбап технологияларды, ыңгайлуу санариптик кызматты, коопсуздукту жана ачык-айкын катышуу эрежелерин бириктирген улуттук онлайн-платформасы - el loto түзүлдү.
Жаңы муундагы улуттук лотерея
Кыргызстандын көпчүлүк жарандарына салттуу кагаз түрүндөгү тираждык лотереялар менен байланышкан "КЫРГЫЗЛОТО" бренди жакшы тааныш.
Бүгүнкү күндө улуттук лотерея заманбап санариптик форматта өнүгүүсүн улантууда.
el loto - жаңы уюм эмес. Ал Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик лотереялык компаниясынын" заманбап улуттук онлайн-платформасы болуп саналат.
"Мамлекеттик лотереялык компаниянын" жетекчисинин орун басары Жоро Абралиев бул тууралуу төмөнкүлөрдү белгилейт:
"КЫРГЫЗЛОТО" - Кыргызстандын элине көп жылдардан бери тааныш болгон классикалык кагаз түрүндөгү тираждык лотереянын бренди. Ал эми el loto - ошол эле мамлекеттик компаниянын заманбап санариптик бренди. Биз улуттук лотереянын негизги принциптерин сактап, заманбап технологиялардын жардамы менен катышуу процессин кыйла ыңгайлуу кылдык".
Ошентип, улуттук лотерея ачык-айкын өткөрүү эрежелерин, мамлекеттик көзөмөлдү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу принциптерин сактоо менен жаңы санариптик форматка өттү.

60 715 500 сом - Кыргызстандагы лотерея рыногундагы ири байге фонддорунун бири
el loto платформасынын маанилүү артыкчылыктарынын бири - катышуудан түшкөн каражаттын 95 пайызга чейинки бөлүгү байге фондуна багытталып, утуш түрүндө жеңүүчүлөргө кайтарылышы.
Заманбап онлайн-лотереянын иштөө тартиби тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн редакция "Мамлекеттик лотереялык компаниянын" жетекчисинин орун басары Жоро Абралиев менен маектешти.
60 715 500 сомдук байге фонду эмнени билдирет?
Бул - белгилүү бир оюндун эрежелерине ылайык жеңүүчүлөрдүн арасында бөлүштүрүлүүчү, алдын ала түзүлгөн акча каражаттарынын жалпы суммасы.
Жоро Абралиевдин айтымында:
"Ар бир оюндун өзүнчө байге фонду, билеттеринин саны жана алдын ала бекитилген шарттары бар. Колдонуучунун жыйынтыгы кимдир бирөөнүн кол менен кабыл алган чечимине эмес, белгилүү бир оюндун бекитилген эрежелерине ылайык аныкталат".
Ар бир оюндун байге фондунун өлчөмү алдын ала белгиленет. Катышуучу электрондук билет сатып алардан мурда оюндун эрежелери жана шарттары менен тааныша алат.
Заматтык оюндар: жыйынтык бир нече секундда белгилүү болот
el loto платформасында оюндардын эки негизги форматы сунушталат.
Биринчи формат – заматтык лотереялык оюндар. Мындай оюндарда тиражды күтүүнүн кереги жок. Электрондук билет сатып алынгандан кийин жыйынтык дээрлик ошол замат белгилүү болот.
Катышуу тартиби жөнөкөй:
Заматтык оюндардын жалпы байге фонду 59 755 000 сомду түзөт.
el loto платформасындагы заматтык оюндар жана алардын байге фонддору:
Тираждык оюндар: классикалык формат жана 100 миң сомдон ашкан джекпоттор
Экинчи формат - тираждык лотереялык оюндар.
Катышуучу сандарды тандап, электрондук билет сатып алат жана күн сайын өткөрүлүүчү тираждын жыйынтыгын күтөт.
Тираждык оюндардын жалпы байге фонду 960 500 сомду түзөт.
Негизги байге фондунан тышкары, ар бир тираждык оюнда топтолмо джекпот каралган. Эгер джекпот белгилүү бир тиражда утулбаса, анын суммасы автоматтык түрдө кийинки тиражга өтүп, көбөйө берет.
Учурда ар бир тираждык оюндагы джекпоттун көлөмү 100 миң сомдон ашат.
el loto платформасындагы тираждык оюндар жана алардын байге фонддору:
Классикалык форматты жактырган катышуучулар күн сайын өткөрүлүүчү тираждык оюндарды тандай алышат. Ал эми жыйынтыкты тез арада билүүнү каалагандар үчүн ыкчам оюндар жеткиликтүү.
Ишенимдүү технологиялар жана ачык-айкын иштөө принциптери
Бүгүнкү күндө адамдар смартфон аркылуу банктык операцияларды жүргүзүп, сатып алууларды төлөп, документтерди тариздеп жана мамлекеттик кызматтарды пайдаланышат.
Улуттук лотерея да өлкөнүн санариптик экосистемасынын бир бөлүгүнө айланды.
Ошол эле учурда катышуучулар үчүн ачык-айкын эрежелер, мамлекеттик көзөмөл жана коопсуздук негизги артыкчылык бойдон калууда.
Жоро Абралиевдин айтымында, el loto платформасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын "Лотереялар жөнүндө" мыйзамынын талаптарына ылайык иш алып барат.
Катышуучуну каттоодон баштап, утуштарды төлөп берүүгө чейинки бардык процесстер колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жүргүзүлөт.
Платформанын ишенимдүүлүгү мамлекеттик көзөмөл менен гана чектелбейт. el loto дүйнөдөгү алдыңкы көз карандысыз лабораториялардын бири болгон Gaming Laboratories International - GLI уюмунун эл аралык сертификациясынан ийгиликтүү өткөн.
Сертификациянын алкагында платформанын иши комплекстүү текшерилип, анын ичинде төмөнкү багыттар бааланган:
Балансты толуктоо жана утуштарды төлөп берүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иштеген улуттук төлөм системасы аркылуу жүргүзүлөт. Бул каржылык операциялардын өлкөнүн мыйзамдарына ылайык аткарылышын камсыздайт.

Катышууга 18 жаштан жогорку жарандар гана укуктуу
el loto платформасына 18 жашка толгон колдонуучулар гана катыша алышат.
Биринчи электрондук билетти сатып алардан мурда колдонуучу инсандыгын идентификациялоо аркылуу жаш курагын ырастоого тийиш.
Мындай талап катышуучулардын коопсуздугун камсыздоого, колдонуучулардын аккаунттарын коргоого жана жашы жете электердин оюндарга катышуусуна жол бербөөгө багытталган.
Идентификация учурунда алынган жеке маалыматтар Кыргыз Республикасынын аймагында сакталат жана өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иштетилет.
elGPT - колдонуучулар үчүн интеллектуалдык жардамчы
Колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн платформада elGPT интеллектуалдык онлайн-жардамчысы иштейт.
Ал оюндардын эрежелерин түшүндүрүп, көп берилүүчү суроолорго жооп берет жана el loto платформасын колдонуу тартиби боюнча керектүү маалыматтарды сунуштайт.
Утуш мүмкүнчүлүгү гана эмес, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошулган салым
Мамлекеттик лотереялык моделдин өзгөчөлүгү - каражаттардын бир бөлүгү байге фондун түзүүгө жана оюндарды уюштурууга гана эмес, социалдык мааниге ээ долбоорлорду, маданиятты, спортту жана башка коомдук демилгелерди колдоого багытталат.
Жоро Абралиев бул тууралуу:
"el loto платформасына катышуу менен колдонуучу электрондук билет гана сатып албайт. Каражаттардын бир бөлүгү социалдык мааниге ээ долбоорлорду, маданиятты, спортту жана коомдук демилгелерди өнүктүрүүгө багытталат", - деп белгилейт.
Бул - улуттук лотереянын маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири. Түшкөн каражаттар өлкөнүн ичинде иштеп, коомго пайда алып келет.
el loto платформасына кантип катышууга болот?
Катышуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу зарыл:
Ошол эле учурда лотерея ачык эмоциялар жана жаңы таасирлер үчүн түзүлгөн көңүл ачуунун бир түрү экенин эстен чыгарбоо маанилүү. Жоопкерчилик менен катышып, лотереяны киреше табуунун жолу катары эмес, көңүл ачуу катары кабыл алуу сунушталат.
Улуттук лотереянын заманбап санариптик форматы менен elloto.kg платформасынан таанышып, өзүңө жаккан оюнду танда да, алгачкы утушка карай кадам ташта.
