Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 16 жаштагы өспүрүмдү чагылган уруп, учурда оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланууда.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, кырсыктын кесепетинен анын денесинин 18 пайызын күйүк алган. Учурда бейтаптын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Облус башчысы
Тилек Текебаев өспүрүмдүн абалынан кабар алуу үчүн облустук клиникалык ооруканага барды.