Казакстандын Алматы шаарында аномалдуу ысыктан улам "Тез жардам" кызматына кайрылгандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу "Kazinform" агенттиги жазды.
Алматы шаардык Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, июлдун алгачкы эки жумасында "Тез жардам" кызматына 33,6 миңден ашуун чакыруу түшкөн. Алардын ичинен болжол менен 1,5 миңи кан басымдын жогорулашына байланыштуу болсо, дагы 300дөн ашыгы жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу кайрылган.
Мындан тышкары, мээ кан айлануусунун бузулушуна кабылган 50гө жакын бейтап шашылыш түрдө шаардык ооруканаларга жеткирилген.

Дарыгерлердин айтымында, абынын температурасынын жогорулашы өзгөчө улгайган адамдар, балдар, кош бойлуу аялдар жана өнөкөт оорулары бар бейтаптар үчүн кооптуу.
Мындай учурда өнөкөт оорулары бар адамдар өз ден соолугуна өзгөчө көңүл бурушу керек. Алар дарыгердин көрсөтмөлөрүн так аткарып, дары-дармектерди үзгүлтүксүз ичип, кан басымы менен кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөп, ысып кетүүдөн сактанууга жана пландуу консультацияларды өткөрүп жибербөөгө тийиш.
Дарыгерлер мүмкүн болушунча саат 11:00дөн 17:00гө чейин күндүн түз нуру алдында болбоону, табигый кездемеден тигилген жеңил кийимдерди кийүүнү, баш кийим жана күндөн коргоочу көз айнек тагынууну сунушташат.
Ошондой эле жетиштүү көлөмдө суу ичүү маанилүү.