Мадриддик "Реалдын" мурдагы башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунан кийин Франциянын футбол боюнча улуттук курамасын жетектейт.
Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Зидан буга чейин "Реалды" жетектеп, клуб менен бир нече ири ийгиликтерге жетишкен. Анын жетекчилиги астында мадриддик команда УЕФА Чемпиондор лигасын үч жолу катары менен жеңген.
Франциянын курама командасынын учурдагы башкы машыктыруучусу Дидье Дешам 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунан кийин кызматынан кетери күтүлүүдө. Андан кийин бул орунга Зидан келет деп айтылууда.
Белгилей кетсек, Зинедин Зидан Франция курамасынын тарыхындагы эң белгилүү футболчулардын бири. Ал 1998-жылы команда менен Дүйнө чемпиондугун, 2000-жылы Европа чемпиондугун жеңген.