
Франциянын улуттук курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе Дүйнө чемпионаттарындагы оюндардын саны боюнча өлкө тарыхындагы рекордду жаңылады.
Ал 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында Испанияга каршы өткөн беттеште талаага чыгып, Франция курамасы үчүн мундиалдарда 21-оюнун өткөрдү. Муну менен Мбаппе мурдагы француз дарбазачысы Уго Льориске таандык рекордду жаңыртты.
Бул оюнда чабуулчу гол киргизе алган жок. Бирок ал Франция курамасынын Дүйнө чемпионаттарындагы эң мыкты бомбардири бойдон калууда. Анын эсебинде 20 гол бар. Бул көрсөткүч боюнча Мбаппе Дүйнөлүк чемпионаттардын тарыхында Лионель Мессиден гана артта турат. Аргентиналык футболчунун активинде 21 гол бар.
Мбаппе 2018-жылы Франция менен Дүйнө чемпиондугун жеңген. Ал эми 2022-жылдагы турнирде финалда Аргентинага каршы хет-трик жасап, Дүйнө чемпионатынын финалында үч гол киргизген футболчулардын катарына кошулган.
2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын экинчи жарым финалында Аргентина менен Англия курамалары беттешет. Турнирдин финалдык оюну АКШнын Ист-Ратерфорд шаарында өтөт.
Эске салсак, учурдагы дүйнө чемпиону — Аргентина курамасы.