Социалдык тармактарда Бишкектеги автобус айдоочусунун жүргүнчүгө жасаган эскертүүсү кызуу талкууга түштү. Анда айдоочу жаш жигитке коомдук жайдагы эрежелерди айтып, уюлдук телефондогу видеолорду кулакчынсыз көрбөөгө чакырды.
Окуянын видеосу боюнча көпчүлүк интернет колдонуучулары айдоочунун аракетин колдоп, коомдук унаада башкалардын тынчтыгын сыйлоо керектигин белгилешүүдө.
Айдоочунун эскертүүсүнө сиздин оюңуз кандай?