Франция курамасынын чабуулчусу жана капитаны Килиан Мбаппе Испаниядан жеңилгенден кийин команданын оюну көңүлдөгүдөй болбогонун моюнга алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, Франция жарым финалда пландаган оюнун көрсөтө алган жок. Команда тактикалык да, техникалык да каталарды кетирди.
“Биз өзүбүзгө абдан нааразыбыз. Каалагандай оюн көрсөтө алган жокпуз. Испания өз планы менен ойноп, бизге мүмкүнчүлүк берген жок”,- деди футболчу.
Мбаппе капитан катары жеңилүү үчүн жоопкерчиликти толугу менен өзүнө аларын белгилеген.
“Капитан катары бардык жоопкерчиликти өзүмө алышым керек”,- деди француз жылдызы.