Биз социалдык тармакта

Ошто мыйзамсыз көчө соодасына каршы рейддер уланууда

Ош шаарында уруксат берилбеген аймактарда баш аламан соода жүргүзүүгө каршы көзөмөл жана түшүндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Буга чейин тиешелүү кызматтар тротуарларды ээлеп, мыйзамсыз орнотулган соода түйүндөрүн алуу боюнча рейддерди өткөрүшкөн. Бүгүн дагы соодагерлерге мыйзам талаптары түшүндүрүлүп, уруксат берилбеген жерлерде соода жүргүзүүгө жол берилбей турганы эскертилди.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, мындай иш-чаралар шаардагы тартипти сактоо, жол тыгындарын азайтуу, жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле мыйзамсыз сооданы алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан