Биз социалдык тармакта

Журналистке 100 миң сом айып пул салынып, ал сот залынан бошотулду

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 13-июлда блогер жана журналист Алтынай Арстанбековага карата өкүм чыгарып, аны сот залынан бошотту.

Маалым болгондой, сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча күнөөсүз деп тапты. Ал эми 327-берененин 2-бөлүгү (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Буга чейин ИИМ ал массалык баш аламандыктарга чакырууга шектелип кармалганын кабаралаган. Маалыматта журналист Facebook тармагында Даниэль Жоошбаев аталышындагы фейк аккаунт аркылуу өлкө бийлигин каралоого жана коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган материалдарды жарыялаганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан