Бүгүн, 15-июлда социалдык тармактарда унаанын ичинде калган полировка үчүн колдонулган аэрозолдук баллон жарылып кеткен видео тарады.
Кадрларда ысыктан улам баллон жарылып, унаанын салонуна зыян келтиргени көрүнөт. Адистер күн ысыкта жабык унаанын ичиндеги температура кескин жогорулай турганын эскертип, аэрозолдук баллондорду салондо калтырбоого чакырууда.
Алардын айтымында, спрей, лак, боёк жана башка басымдагы баллондор ысыганда ичиндеги басым көбөйүп, кооптуу жагдай жаратышы мүмкүн.