Биз социалдык тармакта

Дүйнө чемпиондугунун финалында тарыхта алгач ирет 30 мүнөттүк тыныгуу болот

2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун финалындагы тыныгуу 30 мүнөткө чейин узартылат. Мындай чечим беттештин тыныгуу учурунда дүйнөлүк жылдыздардын катышуусундагы масштабдуу шоу-программаны өткөрүү үчүн кабыл алынганы айтылууда.

Маалыматка караганда, концерттик программага Жастин Бибер, Мадонна, BTS жана башка белгилүү аткаруучулар чыгышы мүмкүн.

Бул дүйнө чемпиондуктарынын тарыхындагы алгачкы мындай шоу болмокчу. Буга чейин футболдогу тыныгуу 15 мүнөттөн ашчу эмес. Жаңы формат АКШдагы Супербоулдун салтын эске салары белгиленүүдө.

Айрым спорттук серепчилер мындай өзгөрүү футболдун салттуу форматына таасир этиши мүмкүн экенин айтып, талкуу жаратууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан