Бишкек шаарында мотоцикл, скутер, мопед жана электросамокат айдоочуларына карата рейддик иш-чара өткөрүлүүдө.
Анын жүрүшүндө кызматкерлер жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү аныктап, Укук бузуулар кодексине ылайык тиешелүү протоколдор түзүлүүдө.
Милициянын кайгуул кызматы жарандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.