Биз социалдык тармакта

Футбол-2026: Жарым финалда жаңжал чыгып кете жаздады

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалынан кийин Аргентина менен Англиянын оюнчуларынын ортосунда жаңжал чыгып кете жаздады.

Беттеш аяктагандан кийин Аргентинанын чабуулчусу Лаутаро Мартинес менен Англиянын жарым коргоочусу Морган Роджерс кайым айтышып, бири-бирин түртүшүп кетишти. Бирок башка оюнчулар менен машыктыруучулар аларды бат эле ажыратып, пикир келишпестиктин күчөп кетишин алдын алышты.

Жарым финалдык беттеш Аргентинанын 2:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.

Эми 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун финалында Аргентина Испания менен беттешет. Ал эми Англия үчүнчү орун үчүн Францияга каршы ойнойт.

Бул оюндар 19-июлда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан