Биз социалдык тармакта

Карагай-чердин арасын байырлаган бугу-марал... Нарындын өзгөчө кооз жери (видео)

Жаратылыш министрлиги Нарын мамлекеттик коругунун бугу-марал питомнигинен тартылган видеону жарыялады.

Маалыматта корукта бугу-маралдан тышкары сүт эмүүчүлөрдүн 26, канаттуулардын 104, балыктардын 3, жерде-сууда жашоочулардын 1, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү катталганы жазылат. Бул аймакта Кызыл китепке киргизилген илбирс, сүлөөсүн, мадыл, Тянь-Шань күрөң аюусу, суусар, бугу-марал, аркар-кулжа, ошондой эле бүркүт, ителги, көк жору, ак кажыр, кумай, Наумандын күйкөсү, шумкар, кичик бүркүт, чоң үкү, орок тумшук чулдук сыяктуу сейрек кездешүүчү канаттуулар байырлайт.

Айта кетсек, питомник Нарындын Таш-Башат айылынан 5 чакырым алыстыктагы Ийри-Суу жайлоосунда жайгашкан.
Нарындын өзгөчө кооз жери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан