Нарындын Ак-Талаа райондук Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган борбордун кызматкерлерине 2013-жылдын декабрь айында эмгек акы төлөнгөн эмес. Соттун чечими менен 28-январда башкы дарыгер К.Шаршенбаевге 10 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды.