Ош шаарында жайгашкан Ош көчөсүн оңдоп-түзөө иштерин тездетүү максатында жумушчулар эки нөөмөт менен иштеп жатышат. Ал үчүн атайын техникалар бөлүнгөн.
Учурда түнкүсүн он, күндүзү он техника тынымсыз жумуш аткарууда.
Мэриядан кабарлагандай, бул этапта бузуу иштери жүргөн жерлер тазаланып, эски асфальт катмары сыйрылып алынууда.