Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион 404 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалымдалгандай, шаар калкынын үлүшү 41,7 пайыздан 42,3 пайызга чейин көбөйгөн. Ал эми айыл калкынын үлүшү төмөндөп, 57,7 пайызга түшкөн.
Калктын өсүү көрсөткүчү эң жогору Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен облусунда. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл жана Нарын облустарында катталган.