Биз социалдык тармакта

Кара-Сууда жайытты мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды

Оштун Кара-Суу районунун Чыйырчык тилкесинде жайыт жерлерди мыйзамсыз пайдалануунун эки фактысы аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө эки жаран уруксатсыз курулуш жүргүзүп, жалпы 107 чарчы метр жайыт жердин кыртышын бузганы белгилүү болду.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар кодексинин 241-беренесине ылайык ар бирине 5500 сомдон айып салынды. Ошондой эле жер кыртышын бузуу менен келтирилген зыян үчүн жалпы 39 804 сом өлчөмүндө доо коюлду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан