Биз социалдык тармакта

Нидерландда аптаптуу ысыктан 900дөн ашуун адам каза болду

Нидерланддын Коомдук саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрө боюнча улуттук институтунун маалыматына ылайык, 22-июндан 5-июлга чейин катуу ысыктан өлкөдө 911 адам каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Каза болгондордун так себептери азырынча белгисиз. Бирок мекеме ысык аба ырайы алардын өлүмүнө таасир эткен болушу ыктымал экенин белгиледи. Алардын көпчүлүгү 80 жаштан улуу адамдар болгон.

Өлүмдүн көбөйүшү Нидерланддын бардык аймактарында, айрыкча түштүк жана чыгыш бөлүгүндө көп катталган. Анткени бул аймактарда абанын температурасы эң жогорку деңгээлде болгон.

Июнь айынын ортосунан бери Европанын бир катар өлкөлөрүндө абанын температурасы +40 градуска чейин жетип, айрым жерлерде андан да ашкан. Франция, Улуу Британия, Нидерланд жана Италияда аба ырайына байланыштуу эң жогорку - кызыл деңгээлдеги кооптуулук режими киргизилген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан