Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык балбан кыздардын атаандаштары аныкталды

Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан жылдын акыркы рейтингдик турниринде Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын төрт балбаны күч сынашат. Алардын атаандаштары да белгилүү болду.

Маалым болгондой, 17-июлда 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова германиялык Лаура Кёлер менен беттешсе, 72 килограммда Кайыркүл Шаршенбаева алгачкы айлампада казакстандык Жамиля Бакбергенова менен күрөшөт.

18-июлда 65 килограмм салмактагы Гүлнура Таштанбекова чейрек финалдан таймашын баштайт, анын атаандашы кийинчерээк аныкталат. Ал эми 76 килограммда Айпери Медет кызы 1/8 финалда кытайлык Вэньцзи Ли менен күч сынашат.

Белгилей кетсек, Будапештте өтүп жаткан рейтингдик турнирде кыз-келиндер күрөшү боюнча жалпы 10 комплект медаль ойнотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан