Биз социалдык тармакта

Титулун сактап кала алабы? Испания же Аргентина? 

15-июлда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Аргентина Англияны 2:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды. Оюн АКШнын Атланта шаарында өттү.

Эми аргентиналыктар Испания кырамасы менен чемпиондук үчүн беттешет. Испания бир күн мурун жарым финалда Францияны 2:0 эсебинде утуп алган.

Эки улуттук курама команда тарыхта жалпы 14 оюн өткөрүшкөн. 6 жолу Аргентина жеңсе, 6 жолу Испания уткан. 2 оюн тең чыгуу менен аяктаган. Негизинен дээрлик көбү жолдоштук беттештер болгон. Чоң турнир катары 1966-жылкы Дүйнө биринчилигин белгилесек болот. Анда тайпалык баскычта Аргентина 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Эки курама акыркы жолу Мадридде жолдоштук оюн өткөрүшкөн. Анда Испания курамасы Аргентинаны 6:1 эсебинде ири жеңилүүгө учураткан.

Аргентина курамасынын тарыхына токтолсок. Латын Америкалыктар алгачкы Дүйнө чемпиондугун 1978-жылы жеңген. Жалпы кураманын эсебинде 3 Дүйнө чемпиондугу (1978, 1986, 2022) бар. Демек, Аргентина учурдагы Дүйнө чемпиону болуп саналат. Эми титулун сактап кала алабы?

Испания курамасы чемпиондукту 1 жолу (2010) гана жеңген. Испаниялыктар мекендештеринин көксөөсүн кандырып, өлкөсүн Дүйнө биринчилигинин ээси кыла алабы?

Алдыдагы оюн 19-июлда өтөт.

Аргентина дүйнөгө Диего Марадона жана Лионель Месси сыяктуу улуу оюнчуларды алып чыккан. Олимпиада оюндарында 2 жолу (2004, 2008) алтын байге уткан.

Испания футбол тарыхында катар-катар үч ири турнирди (Евро-2008, Дүйнө чемпиондугу-2010, Евро-2012) жеңип алган дүйнөдөгү жалгыз команда болуп саналат. Олимпиада оюндарынын 2 жолку (1992, 2024) чемпиону. Европа чемпиондугун 4 жолу (1964, 2008, 2012, 2024) жеңген. Бул көрсөткүч Европадагы рекорд.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан