Биз социалдык тармакта

2027-жылдан тартып өлкөдө желим баштыктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат (видео)

Жаратылыш министрлиги этап-этабы менен пластик буюмдардын жана полимердик пленкалардын жүгүртүүсүн чектөөнү киргизип жатат.

Маалымдалгандай, пластик буюмдардын чириши орточо эсеп менен 400дөн 700 жылга чейин созулат. Полиэтилен баштыктар 100-200 жыл бою чирип, туруктуу органикалык булгоочу заттар болуп саналат.
Буга байланыштуу 2023-жылдан баштап, мыйзамдуу түрдө Ысык-Көл облусунда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында пластик буюмдардын жана полимер пленка баштыктарынын жүгүртүүсүнө чектөө киргизилген.
2027-жылдан баштап, полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга тыюу салынат.
Министрлик өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды уруксат берилген альтернативдик экологиялык буюмдарга жана баштыктарга өтүүгө чакырат.
2027-жылдан тартып өлкөдө желим баштыктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан