Чүйдүн Москва районундагы Ак-Суу капчыгайы үчүн курорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин эскиздик долбоору иштелип чыкты.
Курулуш министрлиги маалымдагандай, комплекс деңиз деңгээлинен болжол менен 2000 метр бийиктикте жайгашып, 200 орунга ылайыкталган. Комплекстин курамында 3 мейманкана корпусу, 4 апарт-отель корпусу, 9 өзүнчө коттедж, 9 конок үйү, альпинизм борбору бар спорттук комплекс, универсалдуу спорт залы, балдар борбору жана термалдык аймагы менен заманбап спа-борбор каралган.
"Аталган долбоор Ак-Суу капчыгайынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ички жана тышкы инвестицияларды тартууга, ошондой эле заманбап, экологиялык талаптарга жооп берген эс алуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт",- деп жазылат маалыматта.