Аксыда каза тапкан 25 жаштагы келин боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.
Жалал-Абад облустук милициясы келин 10-июлда ооруканага каза болгон абалда жеткирилгенин маалымдады. Маркумдун апасы милицияга арыз менен кайрылып, кызынын өлүмүнүн себептерин тактоону өтүнгөн. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү буюмдар далил катары алынган. Маркумга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Келин ур-токмоктон каза болгону айтылууда.