Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери Шахты-Жыргалаң жайлоосунда чет өлкөлүк туристтерге сапаттуу сервисттик тейлөө көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, Ысык-Көлдүн кооз тоолуу аймактарына келген ар бир конокко өзгөчө көңүл бурулуп, кызматкерлер туристтер менен англис тилинде эркин сүйлөшүп, зарыл болгон маалыматтарды берип, алардын коопсуз эс алуусуна көмөк көрсөтүшүүдө.