Жаратылыш министрлиги Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысын аныктады.
Аныкталган факт боюнча жергиликтүү тургунга 95 миң 369 сом өлчөмүндө доо коюлуп, ал дароо өндүрүлдү. Муну менен бирге айыптуу жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилди.