Биз социалдык тармакта

Ак-Суу капчыгайына жаркыраган курорт салынышы мүмкүн

Чүйдүн Москва районунун Ак-Суу капчыгайында курорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин эскиздик долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, долбоор деңиз деңгээлинен болжол менен 2000 метр бийиктикте жайгашып, 200 орунга ылайыкталган көп функционалдуу мейманкана комплексинин курулушун камтыйт.

Комплекстин курамында үч мейманкана корпусу, төрт апарт-отель корпусу, тогуз өзүнчө коттедж, тогуз конок үйү, альпинизм борбору бар спорттук комплекс, универсалдуу спорт залы, балдар борбору жана термалдык аймагы менен заманбап спа-борбор болмокчу.

Ак-Суу капчыгайына курорттук комплекс салынышы мүмкүн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан