Бүгүн, 17-июлда Ирандын Хормозган провинциясынын Бендер-Хамир аймагындагы көпүрөлөргө жасалган соккудан каза болгондордун саны 7ге жеткени маалым болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуядан дагы 9 адам жаракат алып, аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын Хормозган мамлекеттик университети билдирген.
Буга чейин АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы 16-июлда Иранга каршы жаңы соккулар башталганын жана бул аракеттер Ирандын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн алсыратууга багытталганын кабарлаган.