Каршы тилкеге чыгып айдаган Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматта айдоочу соцтармактарга тараган видеодон улам айыпка жыгылганы айтылат. Анын жол эрежесин бузганын артында бара жаткан унаадагылар тартып алышкан.