Өлкөдө тамеки жана айкостун стиктерин жыл сайын кымбаттатуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Долбоордо тамекинин эң төмөнкү баасын кийинки жылы 135, 2028-жылы 150 жана 2029-жылы 160 сом кылуу каралган. Айкостун стиктерине да ушундай эле баалар бекитилмекчи.