Бишкекте 24-июлда "Жан дүйнө жаңырыгы" аттуу көркөм сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
Иш-чара Дубовый сейил багында жайгашкан Чуйков атындагы арт-галереяда саат 11:00дө башталат.
Экспозицияда ЖАМКнын №19 мекемесинде өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын өтөп жаткан сүрөтчү Вячеслав Абдрашитовдун эмгектери сунушталат.
Көргөзмөгө бардык каалоочулар катыша алышат. Кирүү акысыз.