
Жаратылыш министринин орун басары
Амантур Турсуниязов Өзбекстандын тоо-кен өнөр жайы жана геология министринин орун басары
Рустам Юсупов менен
жолугушту.
Анын жүрүшүндө тараптар геология, жер казынасын пайдалануу жана тоо-кен өнөр жайы тармагындагы Кыргыз-Өзбек кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле өкмөттөр аралык макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо жана эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экендиктерин ырасташты.